18.10.2018 15:23

Кыргызстанда жардыргыч заттарды өндүрүүчү кыргыз-кытай ишканасы ачылды

Кыргызстанда жардыргыч заттарды өндүрүүчү кыргыз-кытай ишканасы ачылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жардыргыч заттарды өндүрүү кыргыз-кытай ишканасынын ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. 

Өкмөт башчынын айтымында, «Салют Компани» ЖЧК ишканасынын курулушу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн инвестициялык долбоорлор программасына киргизилген.

«Завод жаңы технологиялар менен салынды жана Кыргызстандагы аммонит чыгарган  жападан жалгыз  завод болуп саналат. Заводдун иши өлкөнүн стратегиялык максаттарына багытталган. Алсак, завод тоо кен өнөр жайы ишканалары, жол куруу сектору, жогорку вольттуу электр линияларын  тургузуу үчүн  керектүү заттарды өндүрөт», - деп белгиледи Премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев аталган заводдун продукциялары өлкө ичинде да, жакынкы өлкөлөрдө  да талап кылынаарына ишеним билдирди, анткени, жүргүзүлгөн бир катар сыноолордун, экспертизалардын негизинде Кыргызстандын ушул ишканасында чыгарыла  турган продукция  Бажы  биримдигинин Бажы регламентинин талаптарына ылайык келе тургандыгы тастыкталды жана Бирдиктүү реестрге киргизилген.

Ал учурда тоо кен өнөр жайынын ишканаларында, өлкөнүн жолдорун курууда жардыруучу заттар абдан кымбат баада импорттолуп жаткандыгын эске салды.

«Башкысы, ишкана 60 жергиликтүү тургунду иш менен камсыз кылат, ал эми жергиликтүү  бюджетке салык  түрүндө 150 млн сом кошумча каражат түшөт.  Мындай суммадагы каражат, Кемин сыяктуу чакан район үчүн өзүнүн инфраструктурасын бекемдеп алууга чоң каражат – жардам, таканчык  болуп берет», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ишкананын туруктуу иштеп турушу максатында завод жетекчилигинин жана жергиликтүү бийлик орган башчыларынын көңүлүн Салык жана Эмгек кодекси жана айлана-чөйрөнү  коргоо жаатындагы өлкө мыйзамдарын тыкыр сактоо зарылдыгына бурду.

Буга катар Өкмөт башчы өндүрүлүп жаткан продукциянын өзгөчөлүгүн  эске алуу менен  аммонитти  өндүрүүдө коопсуздук чараларын жана талаптарын сактоо зарылдыгына өзгөчө басым жасады.

«Салют Компани» биргелешкен кыргыз-кытай ишканасы өнөржайы үчүн патрон түрүндөгү «Аммонит  Салютит А-150» жана«Аммонит Салютит В» порошок түрүндөгү жардыргыч заттарды өндүрүү  менен  алектенет. Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 000 тоннаны түзөт.